Түркия: Сирия агрессиялык аракеттерин токтотушу керек
Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө комментарий берип жатып: «Сирия режими токтоосуз түрдө агрессиялык аракеттерин токтотууга тийиш – дал ушул сөздү мен Сергей Лавровго да айттым», - деди.
Сирия армиясы Идлиб провинциясындагы козголоңчулардын гарнизонун аткылаган учурда жети түрк жоокери жана бир карапайым жашоочу набыт болгону кабарланган. Сирия өкмөтү жоготууларды тастыктаган эмес.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 4-февралда «учурда түрк тарап Идлиб маселесин түп-тамырынан бери чечүү боюнча алган милдеттенмелерин аткара албай жатканын» билдирген.
Түркия Сириянын оппозициясын, Орусия анын өкмөтүн колдойт. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, демилитаризацияланган аймак түзүүнүн үстүнөн иштөөнү макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече жолу бузулган.