Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралда өтөт
Октябрь айынан тарта Азербайжан өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр башталган. Премьер-министр Новруз Мамедов кызматтан кетип, анын ордуна Алиевдин жардамчысы Али Асадов дайындалган. Ошондой эле президенттин администрациясында да бир катар кыскартуулар болгон.
Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан. Илхам Алиев 10 миллиондой адам жашаган Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.