ИИМ: Феминнале боюнча материалдар каттоого алынды
- Музейде болгон иштер жана музейдин мурдагы директорунун «коркутуу болду» деген арызынын негизинде тергөө жүрүп жатат. Бул факт Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Министр муну депутат Курманкул Зулушевдин «Музейде болгон иш-чара боюнча кандай мыйзамдуу чечим кабыл алынды?» деген суроосуна жооп берип жатып айтты.
Зулушев мунун алдында парламентте сөз сүйлөп, көргөзмөдө экспонат катары жылаңач аял чыкканы үчүн жоопкерчилик каралышы керек экенин айткан.
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.
2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.
Феминналенин уюштуруучулары аялдардын укугун коргоо, көйгөйдү түрдүү экспонаттар аркылуу чагылдыруу максаты гана болгонун айтып жатышат. (BTo)