Бишкекте автоунаада баратып ок аткан адамды милиция издеп жатат
5-декабрда Түштүк магистралдын жанында «Ала Арча» соода үйүнүн жанында ак түстөгү жеңил машиненин айдоочусу терезеден тапанчадан асманга ок атып, жолун улантып кете берген. Окуя тартылган видеону «Фейсбуктун» колдонуучулары Интернетке чыгарышты. (SE)