"Фейсбук" желесинде мүчүлүштүк жаралды
Бул тууралуу популярдуу интернет ресурстардын ишине көз салган "Downdetector" сервиси маалымдады. Байкоолорго караганда, "Фейсбукту" колдонгондордун 49% желе иштебей жатканын айтса, 29% өз аккаунттарынан кире албай калганын, 21% желе биротоло өчкөнүн билдиришти.
Учурда "Фейсбук" кадыресе иштеп жатат. Бир күн мурдагы мүчүлүштүктүн чоо-жайы азырынча маалым эмес.