Билим берүү тармагындагы жемкорлукту жоюу жолдору талкууланды
Бишкекте “Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы окутуу жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу чаралары” деген талкуу болуп өттү.
Жыйынга парламент депутаттары, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттер, күч органдары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Исаков бул тармактагы коррупцияны алдын алуу жана жоюу боюнча жасала турган иштердин деталдуу планын катышуучуларга тааныштырды.
Министр эң оболу коррупцияга ыңгайлуу чөйрөнү жок кылуу, тейлөөнү автоматташтыруу керек деп эсептейт. Бул үчүн санарип трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Түндүк» электрондук системасына (ЭВӨС) кошулууну камсыздоо керек.
Кыргызстанда жетимишке жакын жогорку окуу жайы бар. Алардын жарымы мамлекеттик, жарымы мамлекеттик эмес. Ал эми мектептердин саны 2 миңден ашуун.
Жогорку окуу жайларда экзаменден оң баа алуу үчүн окутуучуга пара берүү, ал эми мектептерде ата-энелерден акча чогултуу деген маселе көптөн бери коомчулукта талкууланып келет. (RK)