«Антошка» кафесиндеги жарылуудан бир киши мерт болду
Тогуз адам №4 травматологиялык ооруканага жеткирилди. Кырсык болгон жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматы боюнча, жарылуудан кийинки өрт толук өчүрүлгөн.
Бүгүн, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкектин Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. Учурда кырсыктын себептери такталууда. (ZKo/KR)