Өкмөт башчы ашканадагы жарылуунун себебин кылдат иликтөөнү тапшырды
Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
8-ноябрда, саат 13:45 чамасында тез татым ашканасында жарылуу болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан 13 адам жараат алган, алардын ичинде үч бала бар, жабыркагандардын бири жеринде каза болду.
Үч бала "Тез жардам" кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.
Бишкектеги травматологиялык ооруканага тогуз адам жеткирилди. (ZKo)