Казак аткаминерлерине смартфон колдонууга кайра уруксат берилет
- Мага жеткен маалыматтарга караганда, тиешелүү токтом өкмөткө келип, бардык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылды. Жакында өкмөттүн жыйынында каралат. Кеп бардык мамлекеттик кызматкерлерге чектөөсүз смартфон колдонуу мүмкүнчүлүгүн кайтарып берүү жөнүндө болуп жатат. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы, - деди Оспанов.
Казакстанда мамлекеттик кызматкерлерге жумуш ордунда смартфон колдонууга 2016-жылы тыюу салынган. Аларга чалуу жана СМС-билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон телефондорду гана пайдалануу сунушталган. Анда мындай чектөө кызматтык маалыматтар ачыкка чыгып кеткен учурлар көбөйүп жаткандыгы менен түшүндүрүлгөн.