Түркияда Чокморов менен Турсунбаеваны эскерүү иш-чарасы өттү
Анкара искусство университетинин жалпы жамааты катышкан бул маданий кечеге жергиликтүү студенттер чоң кызыгуу менен катышты.
Кече Төлөмүш Океевдин эки талант тартылган «Кызыл алма» тасмасын көрсөтүү менен аяктады.
ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыялап Түркиянын булуң-бурчунда Кыргызстандын жана залкар жазуучунун чыгармачылыгы таанытылган. Ал эми Ош шаары быйыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк дүйнөсүнүн мааний борбору деп жарыяланган. (ElB)