Максат айылында жер өздөштүрүү долбоору 2020-жылы башталат
1 млрд. 900 млн. сомдук долбоор 2020-жылы башталат. Төрт этаптан туруп, 2026-жылга чейин бүткөрүү пландалган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
1996-жылы Тажикстан менен чек араны бекемдөө үчүн боз талаага өкмөт алтымыштай үй куруп, башка аймактан эл көчүп келген. Бирок суу тартыштыгы жана жумушсуздуктан көпчүлүк кайра көчүп кеткен.
Кыргызстан менен Тажикстандын суу бөлүштүрүү боюнча макулдашуусу 1982-жылы Москва бекиткен эреже бойдон калып, 1991-жылы 10-майда ошол эле келишим кайрадан бекитилген. Макулдашууга ылайык Козу-Баглан дарыясындагы суунун 23 пайызын Кыргызстан, 77 пайызын Тажикстан пайдаланат. (JsA)