Меркел: Иран боюнча кырдаалдан чыгуунун саясий жолдорун издеш керек
- Биринчиден, менде үмүт бар. Экинчиден, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чеги жок деп айта албайбыз. Саясий чечим болушу зарыл. Биз дал ошону ойлоп жатабыз, - деди ал.
Меркелдин айтымында, бул маселе "Чоң жыйырманын" (G20) 29-июнда Жапонияда өтө турган саммитинде талкууланат.
20-июнда Иран АКШнын учкучсуз учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы үчүн Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирген.
АКШ Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун айтууда. (RK)