Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таштагы үйүнө чогулууда
"Апрель" телеканалы Фейсбуктагы баракчасынан түз көрсөтүп жаткан бул иш-чараны жарандык жыйын деп атоодо.
Болжол менен 250дөн ашык адам чакырылган. Алар Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тургундары экени айтылды.
Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Асель Кодуранова жана Анвар Артыков да барышты.
Чогулгандардын алдына Атамбаев өзү да жубайы менен барды.
Жыйында сүйлөгөндөр Атамбаевге карата мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканын айтууда. (AlS)