Тажикстанда балдар алты жашар кызга от коюшту
Кыз денесинин 65% күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн.
Кылмышка шектүү деп үч өспүрүм кармалды. Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
21-июнда «Фараж» басылмасы балдар кызды короонун тосмосуна байлап, от коюшканын жазды. Кыздын атасы алар коңшу айылдан келгенин, ата-энеси карабай, өз билгенин кылып көчөдө ойноп жүргөн балдар экенин айтты.
Тажик президенти Эмомали Рахмон иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды. (RK)