АКШ мыйзамсыз мигранттарга каршы рейдге камынууда
Мындай чарага Атланта, Балтимор, Чикаго, Денвер, Хьюстон, Лос-Анжелес, Майами, Жаңы Орлеан, Нью-Йорк жана Сан-Францискодогу 2000 адам кабылышы ыктымал.
Бийлик өкүлдөрү кармалгандарды үй-бүлөсүнөн ажыратууга жол берилбей турганын убада кылууда. Себеби ата-энеси АКШда мыйзамсыз жүргөн, ал эми балдары ошол жерде төрөлгөн үй-бүлөлөр бар.
АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (ICE) маалыматына караганда, бүгүнкү күндө бул өлкөдө 10 миллион адамдын документи туура эмес.
2012-жылы Кошмо Штаттардан 400 миң адамды, ал эми 2018-жылы 256 миң адамды күчтөп чыгарышкан. (RK)