Ошто балдардын демократиялык жайкы лагери ачылды
“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева “Азаттыкка” билдиргени боюнча, лагерде балдар өз укуктарын үйрөнүү менен демократиянын негиздерин да окуп чыгышат:
- Балдар демократия түшүнүктөрүн жашоо-турмушунда кантип айкалыштырып колдоно алышат, мына ушуну да үйрөнүшөт. Долбоордун максаты – мектеп окуучуларына өз кесибин тандоодо, өз жолун табууда, чоң турмушта кантип өзүнө жоопкерчилик алат, мына ушуга багытталган.
Гүлгакы Мамасалиеванын маалыматына караганда, лагердин биринчи агымына Туран муниципалдык аймагындагы үч орто мектептен 45 бала тартылды.
Бул долбоор алкагында Кыргызстанда 23 жерде жайкы демократиялык лагерь ачылган. Ош шаарында Туран кичи району тандалып алынган.
Туранда 40 миңге чукул адам жашайт. Көп улуттуу. Үч орто мектеп, эки бала бакча, бир эмканасы бар.(ZKo)