АКШ Өзбекстанды диний укук сакталбаган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 21-июнда билдиргенине караганда, “Өзбекстан бул жаатта дагы көп иштерди жасашы керек, бирок 13 жылдан бери алгачкы жолу коркунуч жаратпаган өлкө катары кабыл алына баштады”.
“Каттоого туруу, эркин сыйынуу жана балдарга ата-энеси менен кошо мечитке баруусуна мүмкүнчүлүк берүү жагынан дагы реформалар болот деп күтөбүз” деди Помпео.
Мирзиёев Өзбекстанды 2016-жылдан бери башкарууда. Ага чейин дээрлик отуз жыл бою Ислам Каримов президент болуп турган. (RK)