Бүгүн Чемпиондор лигасынын финалы болот
Аталган эки клуб 2018-жылдын күз мезгилинен бери турнирде жүрүшүн улантып келе жатат. Жарым финалда “Ливерпуль” Испаниянын “Барселона” клубун утуп алса, “Тоттенхэм” Голландиянын “Аякс” клубун жеңген.
Финалдык оюн Испаниянын борбору Мадрид шаарындагы “Ванда Метрополитано” стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1:00дө башталат. (SDz)