Тажик чек ара кызматынын мурдагы басма сөз катчысы кармалды
Бул ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Башкы прокуратура тергеп жатат. Укук коргоо органдары Мухаммаджон Улугходжаевди "кайсы бир чет элдик уюмга маалымат берген" деп айыптап, кылмыш ишине “жашыруун” деген белги коюшкан.
Маалыматтарда Мухаммаджон Улугходжаев 10-апрелде кармалган. Тажикстандын укук коргоо органдары анын кармалышы боюнча расмий маалымат тарата элек.
36 жаштагы подполковникти кесиптештери абдан жоопкерчиликтүү жана жигердүү адам катары сыпаттап жатышат.