Дастан Бекешев: Матраимовдор иштен кетип, "Азаттыктын" кабарчысы коргоого алынышы керек
Бекешев ошондой эле Финансы полициясынын тутумунда иштеген Ислам Матраимов да кызматын токтото турушу керек деп эсептейт.
“Башкы прокуратура “Азаттыктын” иликтөөсүндө келтирилген маалыматтарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тез арада иликтей баштоону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматына, Финансы полициясына, Каржылык чалгын кызматына жана Бажы кызматына тапшырып, журналистти коргоого алышы керек” деп Бекешев өзүнүн жеке сайтына жазды.
29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин айтты. (RK)