Клара Сооронкулова: "Азаттыктын" иликтөөсүнүн негизинде иш козгоп, коомдук комиссия түзүү керек
Ошондой эле Сооронкулова :
- Ошол айтылган суммалар, иш-аракеттер боюнча иш козголушу керек. Болгондо да бир эле мекемеде эмес, жалпы комиссия түзүлүп, ошол иликтеши зарыл. Себеби тергөө маалында маалымат алууга мүмкүнчүлүк ачылат. "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча парламенттик комиссия түзүлүшү керек. Бүгүн эле Жогорку Кеңеште маселе коюлушу керек эле, бирок бул жерде да кооптоно турган маселе бар. Себеби чай ичишип жүргөн депутаттар эмес, көбүнчө жарандык коомдон эксперттер кирген, объективдүү иштей турган комиссия түзүлүшү зарыл. Органдар өзүлөрүнө тийиштүүсүн тергейт, бирок ошолордон көз каранды эмес дагы бир коомдук комиссия иштеши керек.
29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат баштапкы маалыматтарга таянып, ал миллиондор ири базарларда иштеген ишкерлердин импорттук акчасы экенин айтты. (RK)