Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылды
Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин баштапкы маалыматына караганда, кыргызстандык аскерлер чек арага жакын жерден Өзбекстандын эки автомашинасын байкашкан. Аларды токтотуу аракетинен майнап чыкпай, асманга ок чыгарышкан.
Ага да болбой айдай беришкендиктен кыргыз аскерлери машинанын дөңгөлөгүнө атууга мажбур болушкан.
Натыйжада бир өзбек жараны жараат алып, ал Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилди.
Окуяга байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жеринен иликтөөгө өкүлдөрдү жөнөтмөй болушту. (RK)