Милиция Сокулуктагы кош өлүмдү иликтеп жатат
Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова “Азаттык” радиосуна айтымында, окуя 25-майда болгон.
- Ыкчам иликтөө тобу барганда теректе эки жаш адамдын сөөгү асынып турганы белгилүү болгон. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө жүрүп жатат.
Нусупованын айтымында, каза болгондор Сокулуктун 19 жаштагы эркек тургуну жана Нарын облусунун Кочкор районунан 16 жаштагы кыз бала экени аныкталды. (RK)