Абылгазиев: «Азаттык» айткандарды териштирүү тапшырмасын бердим
Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссиянын жыйынында сүйлөп жатып айтты:
- "Азаттык" берген маалымат менен таанышып чыктым. Улуттук банкка, Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) тапшырма бердик. Алар эми тастыктап чыгат. Мындан үч күн мурда мен Финполго президентибиздин мурдагы тапшырмасы боюнча Матраимовдордун мүлкүн тастыктоону тездетүү тапшырмасын бергем, - деди.
29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов өлкөдөн чыгарылып кеткен жүз миллиондогон доллардын Матраимовдорго тиешеси бар-жогун иликтеген. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон. (BTo)