Эрназар Иманкадыр уулу "КТ Мобайлдан" алган айлыгын кайтарды
Иманкадыр Рысалиев беш айлык маяна ишкананын кассасына которулганын ырастаган документти маалымат каражаттарына таратты.
Талаш-тартышка түрткү болгон «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.
«Ачык өкмөт» улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы, премьер-министр Абылгазиевдин карачечекей бажасы Иманкадыр Рысалиевдин дарегине «КТ Мобайл» компаниясы боюнча дооматтар айтылган. Анын 24 жаштагы уулу Эрназардын «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеп, чоң суммада айлык алып келгени айтылган.
Коомчулуктагы сын-пикирден кийин ишкана жетекчиси Нурбек Мукамбетов жана анын орун басары Эрназар Иманкадыр иштен кетишкен. "КТ Мобайлдын" тегерегиндеги алешемдиктерди атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иликтеп жатат. (NT)