Жалал-Абад: медициналык коллеждин жатаканасы оңдолмой болду
“Азаттык” радиосуна жатакананын абалы тууралуу макала да чыккан.
Ушул аптада министрлик атайын резервдик фонддон 4 миллион сомдон ашык акча бөлүп, жаңы окуу жылына чейин жатакананы оңдоо чечимин кабыл алганын Нурхан Жумабаева “Азаттыкка” билдирди.
Ошондой эле коллеждин директору Алмазбек Абдылдаев жатаканага жаңы интерактивдик такталарды алуу боюнча да долбоор жазылганын, алардын идеяларын министрлик колдоп жатканын айтты.
Аталган окуу жайы 1939-жылы бул чөлкөмдө алгачкылардан болуп медициналык мектеп катары ачылган. 1954-жылы медициналык окуу жайы деп өзгөртүлгөн. 2008-жылы окуу жайы коллеж болуп өзгөртүлгөн.Азыркы окуу корпустары жана 200 орундуу жатакана 1970-жылдары салынган. (BCh)