"КТ Мобайл" компаниясын иликтеген депутататтык комиссия жыйын курат
Майдын башында түзүлгөн депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат. Анын биринчи отуруму 17-майда болгон.
Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.
«Ачык өкмөт» улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы, премьер-министр Абылгазиевдин карачечекей бажасы Иманкадыр Рысалиевдин дарегине «КТ Мобайл» компаниясы боюнча дооматтар айтылган. Анын уулу Эрназардын «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеп, чоң суммада айлык алып келгени айтылган.
Өкмөт башчы ал маалыматтар азырынча ырастала элек экенин билдирген. (NT)