«Чанг Андын» акционерлеринин жыйыны кворум жоктугунан өтпөй калды
Чогулуш 28-майда өтүп, банкты чакан насыя компаниясы кылып кайра түзүү маселеси каралмак. Эми жыйын 13-июнга белгиленди.
Чакан насыя компаниясы болуу себебин банк ачык айтпаганы менен адистер анын уставдык капиталы азайып кеткен болушу мүмкүн деп түшүндүрүүдө.
Улуттук банк былтыр банктардын капиталы минимум 600 миллион сом болушу керек деген эреже киргизген. Ушундан улам башка коммерциялык банктарда да коркунуч бар экендиги кабарланууда. (RK)