Орус мунайын Европага жөнөтүү эки аптада калыбына келтирилет
Орусия “Достук” кууру аркылуу Европага мунай жөнөтүүнү эки аптадан кийин калыбына келтирет.
Орус вице-премьер-министри Дмитрий Козактын айтымында, Минскте бул маселе Беларус, Украина жана Польшанын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланып, мунайды токтотууга мажбур кылган жагдайды жөнгөрүү жолдору иштелип чыкты:
- Мунайга башка аралашма кантип кошулуп кеткенин изилдеп жатабыз. Ал жерде төрт компания иштейт экен. Күч органдары иштөөдө. Териштирүүнүн жыйынтыгында материалдык чыгымдын ордун ким толтурары жана ким жеке жоопко тартылары белгилүү болот.
19-апрелде Польша менен Беларус совет учурунда курулган “Достук” кууру аркылуу баруучу мунайдын сапаты начар болуп кеткенин айтып, аны сатып алуудан баш тартып коюшкан. (RK)