24-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Мындай аба ырайы энергетикалык, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Тоолуу райондордогу автоунаа жолдору тайгак, тоңголок тартып, кар күрткүлөрү пайда болот. Электр зымдарына суу кар жабышып, алар үзүлүп кетиши да ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз 3…8;
Таласта түнкүсүн -1…-4, күндүз 0…5;
Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градуска чейин төмөндөйт.
Бишкекте 24-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз жамгыр, кар себелеп турат. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 5…7 градуска чейин жылыйт. (ErN)