Пиза мунарасы 20 жылда төрт сантиметрге түздөлдү
Эл аралык изилдөөчүлөр 1993-жылдан 2001-жылга чейин мунараны оңдоо жаатындагы изденүүлөрдү жүргүзүшкөн.
Пиза мунарасы 1360-жылы курулуп бүткөн. Арадан беш жыл өтүп ал бир тарапка кыйшая баштаган. Маалыматтарга караганда, 1173 куруучу мунаранын үчүнчү кабатын куруп жатканда жер кыртышынын чөккөнү буга себеп болгон. Окумуштуулар мунаранын түштүк тарабындагы жер түндүк тарабына салыштырмалуу жумшак экенин аныкташкан.
1990-жылы мунара 4,5 метрге кыйшайып, кулап кетүү коркунучу жогорулаган. Ошондон кийин бир топ жыл мунарага туристтер киргизилген эмес жана реставрация иштери башталган. Ага эл аралык адистер катышкан.