Премьер-министр иш сапар менен Таласта жүрөт
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышары айтылууда.
Анын ичинде премьер-министр Бакай-Ата районундагы "Нур" аттуу көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы "Эмилия" сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылындагы М.Лущихин атындагы мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.
Мухаммедкалый Абылгазиев Чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн салынып жаткан көп кабаттуу үйгө да барат. (AlS\ErN)