CNN: Трамп аскерлерге чек арасындагы миграттарга ок атууга уруксат берди
Каналдын маалыматына ылайык, Трамп миграттардын арасында кылмышкерлер бар экенин белгилеп, "менде башка тандоо жок" деп билдирген. Ал Мексика менен чек араны биротоло жабуу мүмкүндүгүн да четке каккан жок.
Мурдараак АКШнын түштүк тарабындагы чек ара тилкелерине Латын Америкасынан мигранттар агылып жатканы кабарланган. Алар баш калка издеп келатканы айтылган. Трамп буга чейин бозгундар арасында "башкесерлер" да бар экенин билдирген. Мындан улам Мексика менен чектеш аймакка алты миң кошумча аскер жөнөтүлгөн.
АКШда тынчтык учурунда аскерлерге полициянын ыйгарым укуктары берилбейт.