Бурулайдын иши боюнча күбөлөрдүн көбү суралып бүттү
Сотко катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекова кабарлагандай, анда чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүттү.
Айыпталуучу Марс Бөдөшевдин жактоочулары иш боюнча кошумча күбөлөрдү чакырууну суранууда. Алар буга чейинки күбөлөр көрсөтмөлөрүнөн адашып жатканын билдиришти. Кошумча күбө катары Бөдөшевди караган дарыгерди жана ишти иликтеген тергөөчүлөрдү чакырууну айтышты. Турдаалы Кожоналиевдин адвокаттары өтүнүчтү четке кагууну суранып, кылмышка шектүүлөргө суроо берүүнү өтүнүштү.
Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак беришкен. Отурум өзү сентябрда башталган. Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.
Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу да кармалган. (AiA\ErN)