БУУ: абадагы зыяндуу газдын көлөмү тарыхый максимумга жетти
Бул баяндама Польшанын Катовице шаарында 3-14-декабрда өтө турган БУУнун атмосферанын өзгөрүшүнө байланыштуу саммитинин алдында коомчулукка сунушталды.
- Баяндамада соңку 20 жылда, 1990-жылдан тарта ысык абанын эффекти 41 пайызга көбөйгөнү айтылат. Бул эффекттин 82 пайызы корбанад ангидриддин (СО2) айынан болууда,- деди уюмдун баш катчысынын орунбасары Елена Манаенкова.
Анын айтымында, 2017-жылы атмосферада зыяндуу газдын көлөмү тарыхый максимумга жеткен. Адистер абада метан эмиссиясынын даражасы көбөйүп баратканын белгилешет. Буга Кытайда жана башка өнүгүп бараткан мамлекеттерде тыюу салынган газдарды иштеп чыгаруу себеп болууда.
Адистердин изилдөөсүнө караганда, мындай абал бир канча миллион жыл илгери, абанын табы бүгүнкүгө караганда 2-3 градуска ысык, деңиз деңгээли 10-20 метрге бийик учурларда болгон.