Майып баласын караган ата-энелерге 4900 сом маяна чегерилди
Токтомго ылайык, майып балдары бар ата-энелер үчүн “жеке ассистент” аттуу социалдык кызматтын жаңы түрү түзүлөт. Жеке ассистентке ай сайын финансылык жардам катары акы төлөөнүн өлчөмү минималдык керектөө корзинасынын өлчөмүнө теңдештирилди. Азыркы кезде ал 4900 сомду түзөт.
Жеке ассистент баланы багуу боюнча социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөтүүдөн тышкары Реабилитациялоонун жеке программасын ишке ашырууда балага көмөк көрсөтөт. Жеке ассистент катары мыйзамдуу өкүлдөр жана башка адамдар дагы болору каралган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт. Анын ичинен 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж. Аларды караган ата-энелерине акча төлөө үчүн алдын ала эсептөөлөргө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 млн. сом талап кылынат.
Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү, баланы караган жылдарын эмгек стажына кошуу маселеси 15 жылдан бери көтөрүлүп, чечилбей келген.
Маселе көптөгөн талаш-тартыштан кийин быйыл июлдан тарта иштей баштаган "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы редакциясында камтылган. Өкмөт ноябрдан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге 5 миң сомдой айлык төлөнө турганын айтып жаткан. (ErN)