Эгемендик жылдарынан бери 500 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгын алган
Бирок, эл аралык уюмдардын байкоосунда орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны кыйла көп болушу мүмкүн. Анткени, айрым мигранттар Орусияда социалдык жеңилдиктерге карап жарандык алган. Ошол эле учурда кыргыз паспортун дагы тапшырган эмес.
Мындан сырткары өлкөдө бизнес, спорт чөйрөсүнөн келгендердин арасында кош жарандыгын жашырган саясатчылар көп экени айтылат. Алар Орусияда, Казакстанда ишкерлик кылыш үчүн кыргыз паспортун тапшырбай туруп барган жеринин жарандыгын алышкан. (TSh)