Президентке бир жылда 12 миңден ашык кайрылуу түшкөн
Президенттик аппараттын жарандардын кайрылуусу менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов бул өткөн жылга салыштырмалуу 68 пайызга көп экенин маалымдады.
Мындан сырткары Бишкек, Ош шаарларындагы президенттин кабылдамасына 1228, ишеним телефондору аркылуу 1254, коомдук кабылдамага 516 жаран кайрылган.
12 миң 563 жарандын 1145ин президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алган. Анын 957нин маселеси чечилип, 188нин арызы каралып жатат.
Президенттик аппараттын маалыматында, өлкө башчы Жээнбеков жыл башында ар бир жарандын кайрылуусуна өзгөчө көңүл буруларын айткандан кийин анын атына жазылган арыздар көбөйгөн. (TSh)