Москвада мигранттар үчүн патенттин баасы жогорулайт
“Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаты Инна Светенко мигранттардын кирешеси көбөйгөнүнө байланыштуу Москвада иштеген чет элдиктер үчүн патент баасын көтөрүү чечими кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, акыркы жылы Орусиянын борборунда эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын кирешеси 20% өскөн.
"Бирок биз эмгек патентинин баасын 13%, башкача айтканда, 500 рублга көбөйттүк. Учурда Москвада иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран наркы 4500 рубль турган патент алышы керек", - деди ал.
Москва шаардык думасынын депутаты патент алууну каалагандардын саны кыскарбаганын, мунун эсебинен шаар казынасына 2 миллиард рубль түшкөнүн белгиледи.
Жакында Москванын мэри Сергей Собянин “Россия 1” мамлекеттик телеканалына маек куруп жатып, мигранттардын арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли эки эсеге азайганын, өзгөчө Борбор Азиядан келгендер мыйзамдуулукту сактай баштаганын билдирген.
Собянин орус өкмөтү бир катар чараларды кабыл алгандан кийин ушул сыяктуу жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат деп ырастаган. Ал патент системасын мисал келтирген. Азыр аны Орусияга кирүү үчүн виза талап кылынбаган чет өлкөлөрдүн: Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина жарандары сатып алат.
Бейшембиде Москва облустук думасы дагы патент баасын көтөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Подмосковьеде чет өлкөлүктөр үчүн анын баасы 450 рублга көбөйүп, 4750 рублди түздү. Муну менен облус бюджетине кошумча 1 миллиард рублга чейин каражат түшөрү айтылууда.