Тогуз-Торо: ашууда калган чабандарды куткаруу аракети башталды
Маалыматка ылайык, мал айдап кеткен чабандар ашуудан аша албай калышкан. Алар аман-эсен, тамак-ашы бар экенин телефон аркылуу жакындарына билдиришкен.
Бүгүн Тогуз-Торо районунун куткаруучулары үч авариялык куткаруу унаасы менен ашууга чыгып кетишти. Министрлик бул боюнча кошумча маалымат берилерин кабарлады. (Bka)