“Росинбанктын” жетекчилигине жаңы адамдар дайындалды
Берилген насыяларын төлөй албай калганына байланыштуу "Росинбанктын" күрөөдөгү 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өткөнү жакында расмий маалым болду. Мекеме бул коммерциялык банкты башкарууну толук өзүнө алып, анын менежментин өзгөртүп, бизнес-стратегиясын иштеп чыгып жатканын билдирген.
Кезинде өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналган "Азия Универсал банк" 2010-жылдан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, "Залкар Банк" болуп кайра түзүлүп, кийин анын 90 пайыз акциясын орусиялык "Инвестторгбанк" сатып алып, "Росинбанк" ачылган. Бирок “Росинбанк” Улуттук банктын алдындагы милдеттенмелерин аткара албай, насыяларды төлөй албай жатканы жакында белгилүү болгон. (BkA)