Чолпон-Атанын мэри болуп Талант Сарбагышев шайланды
Чолпон-Ата шаардык кеңешинде КСДП, “Улуу Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Табылга” жана “Республика” фракциялары бар. Сарбагышевдин талапкерлигин шаардык кеңештеги "Табылга" жана "Республика" фракциялары көрсөткөн.
42 жаштагы Талант Сарбагышев - кесиби боюнча милиция кызматкери. Ал Бишкек шаарындагы милиция мектебинде билим алган. 1997-жылдан 2018-жылга чейин ИИМ системасында иштеген. Акыркы жолу ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгында улук ыкчам кызматкер катары иштеп келген. 2017-жылдын январь айында Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Чолпон-Ата шаарынын мурунку мэри Карыбек Саралаевди шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө жолу менен жумуштан кетирген. (AsM)