Бөйрөк ооруларын дарылоо жана аныктоо боюнча жыйын болот
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, иш-чара Кыргызстандын урологиялык кызматынын уюштуруучусу, окумуштуу Медин Тыналиевдин 80 жылдыгына арналган.
Аталган министрликтин 2005-2007-жылдардагы иликтөөсүнө караганда ондогон жылдар мурда өлкөдө нефролитиаз (бөйрөктөгү таш) менен ооругандар көбөйгөн. Бул дарт боюнча кийинки жылдарда иликтөө жүргүзүлгөн эмес.
Бирок бөйрөгүнөн таш-туз чыгып же толуп, ооруканага кайрылган жарандар көп.