Жогорку сот Илмияновго сырттан айып тагылганын ырастады
Маалыматка караганда, мындай чечимди 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарып, УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.
Ага ылайык, Илмияновго сырттан айып тагылган, ал "УКМКнын тергөө абагына камакка алынсын" деген чечим чыккан. Анда Илмияновго эмненин негизинде айып коюлганы жазылган эмес.
"Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмияновдун азыр кайда экени белгисиз. (NT)