УКМК: Илмияновго издөө жарыяланды
Анда Илмиянов 2018-жылы июнь айында өлкөдөн чыгып кеткен бойдон азыр кайда жүргөнү белгисиз экени айтылат. УКМК ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарганын жарыялаган.
Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.
Анын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып келет. Айрым маалымат каражаттары Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адам экенин, түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке менчик компаниялардын ишине кийлигишкенин жазышкан. Ал өзү мындай дооматтарды четке кагып жүрөт. (BkA)