Эдил Байсалов Атамбаевге иш козгоону талап кылууда
- Атамбаев 2002-жылы Түркиядагы бизнесин 45 миллиард түрк лирасына же 35 миллион долларга сатканын Башкы прокуратурага кайрылуусунда айтып берген. Бирок 45 миллиард лира ал кездеги курс боюнча 27 миң эле доллар экенин мен далилдеп бердим. Бул жөн гана арифметикалык ката аркылуу Атамбаев аны миллиондогон байлыгынын булагы катары көрсөтүүгө аракет кылган, - деди Байсалов.
Ошондуктан жарандык активист Алмазбек Атамбаевдин мүлкүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү талап кылып, элди адаштыруу максатында жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш ишин козгоону талап кылууда. Бул үчүн Байсалов Башкы прокуратурага керектүү документтерди берүүгө даяр экенин кошумчалады.
Ал эми Алмазбек Атамбаев жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Байсаловдун билдирүүсү боюнча комментарий берүүнүн зарылчылык жок деп эсептей турганын билдирди.
Былтыр 5-апрелде президенттик сайтка ошол кездеги мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган. Анда ал башкы прокурурорго 2003-жылы январда Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге ошол кездеги 45 млрд. түрк лирасына, же ошол кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергени кабарланган.
Ошондон кийин коомдук ишмер Эдил Байсалов өз иликтөөсүнө таянып, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд. түрк лирасы 2003-жылы 35 млн. доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан эле.
12-апрелде президенттин басма сөз кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканы ырас экенин кайталап, 5-апрелдеги маалыматта “ишкананын рыноктук наркы жана анын уставдык капиталы боюнча түшүнүктөр чаташып кеткени үчүн” кечирим сураган.
Бирок Эдил Байсалов президент Атамбаевдин байлыгынын булагы тууралуу жалган маалымат таратканын айтып, аны текшерүү зарыл экенин билдирип келет.