Бишкекте Айтматовго арналган илимий жыйын өтөт
Иш-чарада Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу илимдин докторлору, академиктер баяндама жасайт.
Улуу жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл декабрда 90 жашка чыкмак.Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Шекер айылында төрөлгөн.
2008-жылы 80 жашында дүйнөдөн кайткан. Быйыл жазуучунун 90 жылдык маарекеси республикалык жана эл аралык деңгээлде белгиленүүдө.