Астанада сегиз окуучудан менингит табылды
Расмий маалыматтарга караганда, жыл башынан бери Астанада 196 адамга вирустук менингит дарты коюлса, алардын 85ин мектеп окуучулары түзгөн.
Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, республика боюнча менингокок инфекциясынан адам өмүрү кыйылган 14 учур катталган.