ИИМдин баштапкы жыйынтыгы: Эгизбаев киши колдуу болгону аныкталган жок
- Акыркы жыйынтык бир айдан кийин белгилүү болот. Баштапкы диагноз боюнча, ал чөгүп кеткен. Маркумдун денесинде күчтөп залал тийгизүүнүн издери жок. Ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерден алыстан тартылган видеотасма алынды, экспертиза жүрүп, күбөлөр суралып жатат, - деди ал.
Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.