Жогорку сот Сапар Исаковду камакта калтырды
Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейинки инстанциядагы соттор "Сапар Исаков 13-августка чейин тергөө абагында болушу зарыл" деген чечим чыгарган. Ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы бул датаны 5-август деп аныктады.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Адвокаты Нурбек Токтакунов анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп Жогорку сотко арыз жазган.